Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары июль айынан тарта жайкы эс алууга чыгуу алдында турат. Сегиз ай ичинде депутаттар көпчүлүктүн эсинде чырлуу мыйзам долбоорлору жана мандат талашы менен эсте турат. Бул убакыт ичинде кай бир депутаттар билек түрө ишке киришсе, айрымдары адатынча "балык" бойдон кала беришти.
Бюджеттен айлык алып, айрымдары кызматтык батирде жашап, ар кыл шылтоолор менен жумушка чыкпай койгон парламентерийлерден куру кол эмес экенбиз.
Sputnik Кыргызстан агенттиги сегиз ай ичинде Жогорку Кеңештин жыйындарын көп калтырган депутаттарты тизмектеп чыгып, рейтинг түздү.