"Сүрөтчүдөн сурап көрсөңүз, менин тартпайм деп жүрбөсүн! Ооруп аттым эле, кебетем начар!", — деп дароо эскертти Айгүл. Таң кала түштүк: бүгүн сүрөткө түшкөнгө жараймбы-жокпу деп күмөн санаган кишини биринчи көрүшүбүз.
— Азыр жаштардын көбү теле алып баруучу болсом дейт. Айрыкча кыздар үчүн бул бир кол жеткис нерсе. Сиз да софит, телекамералар жөнүндө кыялданчу белеңиз?
— Жок! Мен аябай хирург болгум келген. Ушундай бир кескилеп, тигип, медициналык капты мойнума асып алып фронттун алдыңкы катарында боорум менен сойлоп жүрсөм дегендей.
— Анан бул чөйрөгө кантип келип калдыңыз?
— "Вечерний Бишкектен" кир жуучулардын жарыясын издеп жаткам. Музыкалык программаларга алып баруучулар керек деп бир чарчы сызыкка алып жазып коюшуптур. Ошондо Алматинкага эмнеге барганымды эмгиче түшүнбөйм (кеңсе азыр да ошол жакта).
— Сизди эмне болуп алып калышты?
— Жөнөкөйлүгүм жана аябай берилгеним жакты окшойт. Мен даярданган да эмесмин, ошонум жакшы болду. Эгер бирөөнү туураганга аракет кылсам, жасалма болуп калмак.
— Сиз айта турган текстиңиздин баарын жазып аласыз да, ээ?
— Ооба, башында, кудай уруп, отуз секундадан ашык сүйлөп албайын деп жазып алчумун. Анан өзүң эле жазбай каласың, кеп оюңан эле чууруп чыга берет. Анын эч коркунучу жок. Азыр эфир алып баргандан да, сиз менен маектешкен бир топ коркунучтуу болуп турат.
— Коюңузчу?
— Интервьюну чанда эле бербесем… Мени көп деле чакырышпайт.
— Сиздин муундагы радио алып баруучулар азыркы жаш муундан эмнеси менен айырмаланат?
— Дикция жагынан сизде кыйынчылык болду беле?
— Жок, кептин тездиги жагынан гана болгон. Мени өтө тез сүйлөйсүң деп урушушчу, чоңдорго чакырып, ал тургай, айып да салышар эле.
— Жумушуңузда акыркы жолу качан кыйкырдыңыз эле?
— Кыйкырып жатканымды элестете албайм. Бирок өзүмдүн пикиримди коргой алам.
— Бизде теле алып баруучу кантип иштеши керектигин баары билет. Өз ишиңизге карата башкалардын пикирине, сынына кандай карайсыз?
— Сыйлаган адамдардан эмнеси жаман болду деп өзүм сурайм. Жакшысы кызыктырбайт. Ал эми жаман жагы — өсүш үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Эч ким сындабай койсо, мен кооптонуп калам. Такыр эле жарабай калды го деп ойлойм.
— Кандай кемчиликтериңиз бар?
— Радиодон такыр маанайымды жашыра албайм. Ооруп жатсам да, көңүлүм чөксө да угуучуларга айтып салам. Анан дагы өз үнүмдү жек көрөм.
— Үнүңүз өзүңүзгө жакпайбы?
— Таптакыр! Өзүмдүн жарнама түрмөктөрүмдү укканда да өчүргөнгө аракет кылам, денем жөн эле чымырап кетет! Ошон үчүн өзүмдүн телеберүүлөрүмдү көрө албайм, мен үчүн бул бир азап. Он эле мүнөт чыдайм: өзүмдүн ишарат-жаңсоолорум кыжырыма тиет.
Андан да улам кайталай берген "мите" сөздөрүм бар. Дегинкиси мен өзүмдү анча кабыл ала албайм, көп деле жактырбайм.
— Сизди телеберүүгө кантип чакырышты?
— 2000-жылдардын башы болчу. Мени MTVге чакырып калышты. Анда бул аябай кадыр-барктуу эле, мүдөмө жеткендей болгом. Корккон эмесмин. Эгер бир иш жакшы жүрүшпөй жатса, аны менен алектенбей эле койгон жакшы экенин азыр түшүнөм.
— Колуңуздан эмне келбейт?
Азыр алдын ала кайсы тема боюнча сүйлөрүңдү да билбейсиң. Мисалы, эртең менен кайсы бир окуя болуп кетсе, ал жөнүндө эскирип кете электе кечинде кеп кылыш керек. Мен муну өзүм үчүн жаңы сынак катары кабыл алып, үйрөнүп, иштеп жатам.
— Хейтерлердин пикирлерин окуганда, каршылык сезим пайда болобу?
— Албетте, баарыбыз тирүү жанбыз да. Фейсбукту анча жактырбайм, бирок ишиме байланыштуу аны карап, бир нерсе жарыялап турууга аргасызмын. Ар кандай шарттан улам обого даярдыгы жок чыккан учурум болгон. Бул менин катам эле! Эфирден кийин мен маселени майда-чүйдөсүнө чейин иликтеп чыктым: эми гейлер жөнүндө билбегеним жок!
Эми баарына белгилүү болгон "Ой Ордо" ток-шоусунун чуулгандуу чыгарылышынан кийин менин кийимимден тартып " төмөн акылым" менен "начар жүрүм-турумума" чейинки терс комментарийлердин бирин калтырбай окуп чыктым.
Менин кыжырыма тийгени акылдуусунгандардын жазган каталары болгон.
Анан дагы мени "пиндос", "ватник", "ИМХО" ж.б.у.с. сөздөр иренжитет.
Албетте, бардык эле адамдай менин да комментарий берген кишиге: "Кана отурчу экөөбүз азырбы… тим эле!.." деп мен деле айткым келет.
— Кайсы теманы эч качан чагылдырбайт элеңиз?
— Саясатты. Мен аны түшүнбөйм да, тема өзү мага жагымсыз да. Бул бир сандырактардын театры — ушунчалык баары жасалма десеңиз! Жашыраак кезимде активдүү көз караш болуш керек, биз кылбасак, ким кылат, саясаттан четке калыш уят деп ойлочумун.
Бир жолу 5-канал демарш уюштурду. Бакиевдин убагы болчу, оппозицияны аянттан кууп чыгышкан болчу. Ошондо каналга кишилер келип, жаңылыктарды кандайча бериш керектигин айтып жатышканын көргөм. "Оо, кудай, бул каналда кантип иштейм? Менин принциптериме таптакыр туура келбейт экен!" деп ойлогом. Акырын кетип кала алган жокмун, Космодемьянскаямын да!
Үй-бүлө да бир кичинекей мамлекет деп ойлойм азыр. Өлкөнү жакшы жакка өзгөртүш үчүн, сөзсүз саясатка катышып кереги жок. Жөн эле жакшы жаран, чынчыл, принципиалдуу адам болуп, балдарды ошого үйрөтсө деле болот.
— Майрамдарды да алып барып калып жүрөсүз, бул чөйрөгө кантип аралашып калдыңыз?
— Радиодо иштей баштасаң эле үйлөнүү үлпөтүн, той же корпоративди алып барып бер деп сураган бирөө сөзсүз табылат. Баса, мурда майрамга джинсычан бара берчүбүз. Үстү жагыңа бир жылтырак нерсе кийип алсаң болду, майрамдык кийим болуп калат! Азыр андай кебетең менен сени ресторанга да киргизбейт.
— Сиз билгенден кайсы үйлөнүү той укмуш сонун болду?
— Антракт учурунда "No Mercy" тобу келген үйлөнүү тою баарынан чоң таасир берген.
Бизде сценарий мындай болчу: жарык күтүүсүз өчүп, залда ызы-чуу башталат. Ал аңгыча музыканттар сахнага билинбей чыгып, "Where do you go" деген ырга гитара менен соло аткарышмак, алгачкы кайрыктарында эле жарык берилип, дискотека башталат. Эл дуу дей түшкөнү азыркыга чейин эсимде. Чын эле укмуш болгон!
— Андай баалуу тойлорго дагы кайсы жылдыздарды чакырышат?
— Баарын. Россиялык эстрада жылдызмын дегендин бири калбайт. Үйлөнүү тойлорун Пельш же Якубович же башка россиялык атактуулар алып барышат. Бирок бул ачыкка чыкпайт. Акча тынчтыкты сүйөт эмеспи.
— А сиз балдарыңызга ушундай үйлөнүү той жасайсызбы?
— Баласын сүйгөн бардык эле эне сыяктуу мен да алар үчүн баарын жасаганга даярмын. Акчам болсо, анын эмнеси бар экен? Бирок андай тойду балдарым каалабайт болуш керек.
— Үйлөнүү тойлорунда ак сөөктөрдүн жүрүм-туруму карапайым элдикинен айырмаланабы?
— Эч айырмасы жок. Канча ичкенине жараша болот. Мас меймандар бардык эле тойдо бирдей.
— Эмнеге өкүнөсүз?
— Мен дарыгерлер сыяктуу пайда алып келбегениме өкүнөм. Бирөөлөр адам өмүрүн сактап жатса, мен жөн эле жүрөм. Дарыгер болом деген кыялым эч качан ишке ашпасына өкүнөм.