БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда 54 жаштагы аялды өлтүрө сабап салган 61 жаштагы киши кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Тез жардам кызматы аркылуу аял шаардык клиникалык оорукананын кайта жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эсине келбей каза болгон.
Анын денесинен катуу сабалганынын белгилери аныкталган. Көкүрөк сөөгү жана төрт кабыргасы сынып, ичи жана башы көгала болгон.
Райондук милиция тарабынан кылмыш иши козголуп, бул кылмышка шектүү катары 61 жаштагы жаран кармалган.
"Свердлов райондук милициясы бул ишке шектүү катары буга чейин 11 жолу соттолгон 61 жаштагы киши кармалды. Ыкчам иликтөө тобу каза болгон жаран менен шектүүнүн ортосунда интимдик байланыш болгонун аныктады. Кырсык болор күнү алар урушуп, киши аялды катуу сабап, көчөгө таштап кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.