БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жумгал районунун Чаек айылында 74 жаштагы жаран өзүнөн 22 жаш кичүү бөтөлкөлөшүн бычактап өлтүрдү деп шектелип жатканын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июнь күнү саат 12.30да айылдагы бир үйдүн огородунда эркек кишинин өлүгү жатат деген билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери 50-55 жаштагы адамдын мойнуна, ичине ондон ашуун ирет бычак сайылганын аныктап чыгышкан. Териштирүү маалында анын 56 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталган.
Кылмышка шектүү катары 74 жаштагы Жумгал районунун жашоочусу кармалып, анын мас экени белгилүү болгон. Аталган факты боюнча соттук-медициналык, медицина-криминалистикалык, биологиялык, дактилоскопиялык, криминалистикалык экспертизалар дайындалган.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.