БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Борбор калаада микроавтобус кишини өлтүрө коюп кеткенин Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуМикроавтобус насмерть сбивший пешехода на пересечении улиц Курманджан Датки и Огомбаева
Микроавтобус насмерть сбивший пешехода на пересечении улиц Курманджан Датки и Огомбаева
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналу
"Курманжан датка жана Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон кырсык тууралуу билдирүү саат 17.06да келип түшкөн. Микроавтобустун айдоочусу 23 жаштагы кишини коюп кеткен. Ал ошол жерден каза болгон", — деди Борисов.
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктап, автоунаа россиялык номерлүү экенин билдирди.
Жол кырсыгы тууралуу кеңири маалымат дагы берилет.