БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунда Mercedes Benz үлгүсүндөгү микроавтобус менен Honda Civic унаасы кагышып кеткенин ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык ишемби күнү Комсомол айылынын тушунда болгон.
Натыйжада сегиз адам жабыркаган. Анын бирөөсүнө жеринен медициналык жардам көрсөтүлүп, калганы Тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп берилди.