БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кечээ, 15-июнда кечинде жааган жамгырдан Бишкек шаарынын имараттары жабыр тарткан жок деп ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 20:05тен 20:25ке чейин Бишкекте нөшөрлөгөн жаан жааган. Анын айынан социалдык тармактарда бир катар объектилерди суу каптаганы боюнча маалыматтар тараган.
"Суу каптаган социалдык объектилер же үйлөр катталган эмес. Саат 23:12де Көк-Жар кичи районундагы милициянын бөлүмүн суу каптаганы боюнча билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлеринин күчү менен абал жайгарылган. Жалпысынан шаар боюнча абал туруктуу", — деп маалыматта айтылат.
Кечинде Бишкек шаарында жаан менен кошо ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен шамал болгон.