БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Экономика министри Арзыбек Кожошев Санкт-Петербургда өтө турган Петербург эл аралык экономикалык форумуна катыша турганын аталган министрлик билдирди.
Иш-чара 16-18-июнь күндөргө белгиленген. Анын алкагында министр Кожошев "экономикалык өз ара кызматташуунун келечектүү форматтары" деп аталган доклад окуйт.
Петербург эл аралык экономикалык форум — экономика жана бизнес дүйнөсүндөгү уникалдуу окуя. Мында Россия, дегеле жалпы дүйнө алдында турган маанилүү экономикалык маселелер талкууланып, форумга 10 миңден ашуун өкүл катышып келет.