БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда эки тараптын кызматташуудагы кызыкчылыктары талкууга алынды.
Маалыматта өзгөчө Бишкектин жолдорун жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерге көңүл бурулгандыгы белгиленет.