Максат мырза менен алгач опера жана балет театрынын ичинен маектешели дегенбиз. Бирок сырттагы жанга жагымдуу аба-ырайы парк аралап эки саат бою жылуу маек курганга шарт түзүп берди. Ал дайыма жылмайып, жашоого позитивдүү көз караш менен караганы адамды өзүнө тартып турат экен.
— Максат мырза учурдагы театрдын абалы жана ага болгон биздин мамилебизден мурун, өзүңүз тууралуу сүйлөшөлү. Деги эле балет дүйнөсү сизди кантип арбап алды?
— Мен чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам белгилүү КР Эл артисти Кубанычбек Сыдыков. Биз кичинекей кезде атам жумушка өзү менен кошо ала келчү. Мен театрдын пол жуугучунан баштап, жетекчисине чейин таанычумун, алар дагы мени жакшы билишчү. Ал кездеги балеттердин бирин да калтырбай көрүп, балеттин өнүккөн дооруна күбө болдум. Башкача айтканда, театр экинчи үйүм десем жаңылышпайм. Балетке болгон сүйүүм мына ушинтип жаралды.
— Англиядагы айтылуу Балет академиясында окуп, чоң театрларда иштеп ийгиликтерди багындырдыңыз. Кантип?
— Сизге жакканы кайсыл театр болду?
— Германиянын театрынан өзүмө биздин өлкөгө керектүү бай тажрыйба топтодум десем жаңылышпайм. Биздин жетекчибиз Мартин Шлепфер кинемотографиядагы Оскарга тете сыйлыктын ээси эле. Анын группасында ар кайсы өлкөдөн келген бийчилердин катарында мен дагы эмгектендим. Анын группасында эң жаш артист болчумун. Мартиндин балет группасын Германияда бир нече жолу мыкты деп аташып, өзү да мыкты жетекчи аталган. Мартин бизге жетекчи катары да, хореограф катары да көп нерсе үйрөттү. Болгону 17 жашыңда ушундай залкар, өз ишин мыкты билген инсан менен иштешүү мен үчүн жашоонун буюрган бактысы болду. Андан кийин Франциянын театрына бардым.
— Эмне себептен Германиядагы театрдан кетип калдыңыз? Ал жакта бардык шарттар каралган, анан дагы күчтүү командадан кетүү оңой эместир?
— Негизи Германияда жүрүп көп өлкөнү кыдырып иштедим. Францияга келүүмдүн жалгыз себеби — бул бир жерде токтоп калбай, тажрыйба топтоп, түрдүү адамдар менен иштешип, байланышты чыңдоо болду. Анын үстүндү Франциянын абасы, тамактары, чыга калсаң мелмилдеп турган көлү өзгөчө жакты. Кыскасы, ал жакта жашаган көбүрөөк өзүмө жакын сезилди. Германиядан дароо эле Францияга келип жашаганда кыргыздын жашоосун элестеттим, алар салыштырмалуу бизге окшош келишет.
— Сиздин Кыргызстанга келгениңизге жарым жылдын жүзү болуптур. Досторуңуз айткандай эмнеге чет жердеги жыргал жашоого ыктаган жоксуз?
Мен Кыргызстанга келгенде жарым жыл ичинде Pro Art балетти колдоо фондуcун негиздеп, эки долбоорду ишке ашырдым. Бирок артист, режиссер катары өлкөгө жаңыдан гана салым кошуп жатам, алдыда иштей турчу убакыт көп. Жакшы иштердин баары али алдыда.
— Келечектеги кыргыз балети сиздин көз менен кандай болот. Дагы кандай максаттарды ишке ашырсам деп турасыз?
— Биз тарыхыбызды баалаган элбиз. Менин келечектеги эң башкы максатым — Чолпон балетин жаңылап чыгуу. Албетте баштан аяк өзгөрткөнгө болбойт, бирок кээ бир жерлерин карап чыкканга туура келет. Анан костюмдардын дизайнын эски нюанстары менен жаңырткым келет.
— Балетте канча жашка чейин бийлешет? Сиз эми эле бийлегенди токтоттум деп жатасыз…
— Негизи 40-43 жашка чейин бийлешет. Учурда 29 жаштамын. Мен азыр хореограф-режиссер болгондон кийин биротоло жетекчилик жагын аркалайын деп жатам.
— Баары келечек жаштардын колунда деп аларга ишеним артышат. Аларга ишеним артаардан мурун биз кантип жардам бере алабыз?
Бул жагынан болушунча жаштарды искусствого тарткым келет. Эгерде жаштардын бир канча бөлүгүн маданиятка тарта алсам, анда мен максатыма жетип, бактылуу болгон болом. Анткени билимдүү жана маданиятты сүйгөн адам эч качан кылмышкер же террорист болбойт. Адамдын жан дүйнөсү канчалык бай, өзү билимдүү, маданияттуу болсо аны жаман ойлор менен азгырып сындыруу мүмкүн эмес.
— Өзүңүздү 15 жылдан кийин кандай элестетесиз?
— Өмүрүм өткөнгө чейин чыгармачылыкта жүрөм. Каалабаган нерсемди жасабайм. Менин берилгеним, каалоом бул — чыгармачылык. Жардам сурагандарга дайыма колум ачык, искусствого кызыккандарга колдон келишинче бекер жардамдашканды жактырам.