БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкектин "Дачное" жаңы конушунда эки күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 14-15-июнь аралыгында "Дачное" жаңы конушунда, 16-июнь күнү Загорская көчөсүндөгү № 58, № 60, № 62, № 64 үйлөрүндө өчүрүлөт.
Ишкана мындай аракет газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.