БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районундагы Сретенка айылында киши өлтүрүүгө шектелип, 63 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИБ билдирди.
"Бейшемби күнү болжол менен саат 15.12е Москва РИИБдин кезмет бөлүмүнө Стретенка айылынын жашоочусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерден милиционерлер бычакталган 32 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан. Анын жанынан бычак чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.
Ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Беловодск айылынын 63 жаштагы тургуну кармалган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.