БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө газ төрт күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда көгүлтүр от 14-17-июнь аралыгында Лоджская, көчөсүндө, Жибек-Жолу проспектисинде жана Чоң Чүй каналынын аймагында өчүрүлөт.
Ишкана мындай аракет газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин кошумчалады.
