Ысык-Көлдө жана тоолуу аймактарда жаан жаайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр. Архив
Кол чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. 13-июнда Ысык-Көл облусунда жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык боло турганын Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекте ысык аба-ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июнь айында аба ырайы 37 градуска чейин ысыйт
Бишкек шаарында күн 35 градуска чейин ысып, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жаан жаабайт.

Ош шаарында дагы 13-июнда күн ачык болуп, аба ырайы 36 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө күн жаап, аба ырайы 28 градуска чейин көтөрүлсө, Нарында 30 градус ысык болот.

Таласта аба ырайынын температурасы  34 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0