"Тоо арасында" романы жөнүндө жети факты. Окурман сүйгөн апенди чалыш Ыманбай

© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүЖазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков Чыңгыз Айтматов менен. Архив
Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков Чыңгыз Айтматов менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул чыгармасын автор кайрадан толуктап иштеп чыгып окурмандарга экинчи вариантын сунуштаган. Романдын каармандары ар кандай — уникалдуулугу, апенди чалыш жана олуттуу…

Sputnik Кыргызстан аталган чыгарма туурасында жети фактыны сунуштайт. 

"Тоо арасында" — төл башы роман. Өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы коомдук түзүлүштөгү маанилүү окуяларды камтып, тарыхый бурулуш доордогу кыргыз элинин турмушун, жашоо образын, тиричилигин, жашоосун жана кулк-мүнөзүн баяндап берген эпикалык чыгарма. 

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманбек" эпосу жөнүндө жети факты. Муун-жүндү бошоткон керээз
Ал 1937–38-жылдары жарыяланган "Кең-Суу" романынын кайра толукталып, көркөмдөлүп иштелген варианты. Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгында гана эмес жалпы эле кыргыз жазма адабиятынын тарыхындагы төл башы романдардын бири. "Кең-Суунун” коллективдештирүү окуялары көрсөтүлгөн экинчи китеби өз учурунда тапчыл идеологиянын көз карашынан катуу сынга дуушар болгон. Айтылган сын-пикирлерди эске алып, автор чыгарманы кайрадан иштеп чыккан. 

Сыдыкбековдун атагын чыгарган чыгарма "Тоо арасында" роман-эпопеясы авторду эле эмес, бүтүндөй кыргыз адабиятын ошол кездеги СССРге жана алыс¬кы чет өлкөлөргө тааныткан. Бул жазуучунун чыгармачыл эрдиги, өз элине жасаган опол тоодой эмгеги эле деп баа беришет адабиятчылар. 

Сапарбай, Самтырлар… айылдаштардын мыкты бейнеси. Соке абышка, Ыйманбай, Сапарбай, Самтыр — ошол кездеги коомдун кишилеринин мыкты орбаздары. Кең-Суу — жазуучунун туулган айылы, демек жазуучу бир айыл аркылуу жалпы кыргыз жерине Кеңеш бийлигинин келишин, ал саясый зор окуянын оош-кыйыш жактарын көркөм сүрөттөөгө алган. Адабиятчы Абдыкерим Муратов каармандарынын бир тобунун образын жаратууда автор өзү жакшы билген айылдаштарынын бейнесине таянгандыгын белгилейт. "Сапарбай, Самтыр сыяктуу образдардын катарында Соке абышканын образы терең иштелген, чыгарма жалаң гана колхоз курулушун эмес, кыргыз адамынын мүнөзүн ачып берүү жагынан да ийгиликке жетишкен", — дейт.

Озеро Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
"Жеңишбек" поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы
Ыманбай ("эсеби маселен") — окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган уникалдуу образ. Орто жаштагы Ыйманбайдын баладай баёолугу, катуурак айтканда аңкоолугу, караңгылыгы, шашмалыгы, "чудактыгы", ишенчээктиги, ал тургай терс деген сапаттары менен да окурманды жипсиз байлап алат. Анын образына келгенде китеп тиктеп отурган киши эрксизден жылмайып, апендичилигине аргасыз күлөт. Кээде терс сапаттарына баш чайкайт. Адабиятчылар буга "өзүнүн мисалында ошол доордогу кыргыз букарасынын турмуш жолун чагылдыруусу жагынан Ыманбай улуттук адабиятта жаратылган алгачкы "элдик тип” деп айтууга болот" деген баасын беришкен. Бул мааниде Ыманбайдын образы жеке романдагы эмес, бүткүл кыргыз адабиятындагы орундуу табылгалардын бири. Анын образында комедиялык жана трагедиялык касиет-белгилери эриш-аркак. Кейипкердин иш-аракети жана кулк-мүнөзү канчалык комедиялуу болсо, жашаган шарт-жагдайы, иштеринин натыйжасы ошончолук трагедиялуу деп белгилешкен адабиятчылар. 

Анын уктаса да түшүндө колдонгон "эсеби маселен" сөзү азыркы кыргыз тилинин лексикасына кирип, эл арасында колдонуп калган сөздөрдөн. 

Роман баш-аягы онго чукул ирет жолу басылган. Роман алгач "Кең-Суу" деген ат менен "Кыргызмамбастан" 1937-жылы басылган. Кийинки жылы эле дагы бир ирет чыккан. Ушул эле басмадан 1941-жылы, 1955-жылы, 1958-жылдары басылган. Кийин "Кыргызстан" басмасы окурмандарга кайрадан тартуулаган.

"Тоо арасында" бир нече тилде тараган. Орус, казак, тажик, өзбек, украин тилдерине которулган. 1948-жылдан тарта орус, 1959-жылдан тарта тажик, 1961-жылдан тарта казак, 1962-жылдан тарта украин тилдерине которула баштаган. Булардын ичинен кээ бир тилдерде бир нече ирет басылып, окурмандарга кайрадан сунушталган.

Чыгарманын уландысы — "Ыманбайдын пейили". 1980-жылы басылган Ыманбайдын пейили" романында мурдагы "Тоо арасында" чыгармасындагы негизги каармандарынын бири Ыманбайдын кийинки турмушу баяндалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0