Бишкекте турганым менен өзүмдүн жеке үйүм жок. Бирок шаарда баш калкасыз калуу мүмкүн эмес. Интернетти ача салсаң эле "үйүмдү ижарага берем" деген жүздөгөн саптар жайнайт. Пулуңа жараша чекесинен чертип тандай бер.
Эс алуу үчүн шаардын кайсы четине чыкпа, бак-дарактар, шар аккан дайралар көз жоосун алып, жүрөк толкутат. Жайдын аптабында чалкып жаткан Ысык-Көлүбүз бар.
Ысык-Көл демекчи, кечээ "Рух Ордодо" Түрк кеңешинин III саммити болуп өттү. Анда Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия министрлеринин катышуусунда Кыргызстандагы туризм жагдайын талкуулашты.
Саммитке келген коноктор Кыргызстандын кооздугуна комплимент айтуудан тажашкан жок. Дүйнөдө туризм Мекелеринин бири саналган Түркиянын туризм министринин орун басары Хусейин Яман баш болуп Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн эң башкысы сервисти, кыргызча айтканда, тейлөө сапатын гана жакшыртуу керек экенин улам-улам кулакка куюп жатышты.
Башымды ийкеп отурдум. "Эмнеге?" деген суроону сезип турам. Анда алгач батир, кафелер тууралуу баштаган кебиме кайталы.
Кир батирлер парады
Ысык-Көл: эптеп акча "саамай"
Былтыр кесиптештер менен Ысык-Көлдөн жатак үйлөрдү телефондон алдын ала ээлеп коюп, барган элек. Түшкө маал сүйлөшүлгөн дарекке жетип барсак, башкаларга берип салышыптыр. Ошентип көчөдө калып, башка жатак үй издөөгө жарым күнүбүз кеткен. Сунуштардан баш адашат. Бирок барсаң үйүнүн бурчтарын желе баскан же столдору сынык, муздаткычы кир экенин көрүп, улам башкасын издей берип күнүбүз өттү. Мыкты пансионаттарга барсаң деле болот дечи. Бирок, биздин айлык менен алардын баасына түтпөйсүң.
Тейлөөнү түрктөрдөн үйрөн
Ал эми Түркия мамлекетинин өзүндө тейлөөнүн мыкты экенин фактылар даана тастыктайт. Жыл сайын 38 миллионго жакын — Түркиянын өз калкынын жарымына тете туристтин агылып келиши эле баарын айтып турса керек. Стамбулдагы пансионаттардын биринде алты ай иштеп келген сиңдим ал жакта кардарларга кудайындай мамиле жасашарын айтты. Маселен, конок көлдүн аркы өйүзүнө өтүп кетип, суу же дагы башка нерсени заказ кылса, кызматкерлер артынан жеткирип берүүгө даяр экенин таңыркай кеп кылды. Ал убарасы үчүн акы да алышпайт экен. Кыргыздар үчүн сабак болчу нерсе.
Кыргызстандагы турагенттиктердин биринин сайтынан Түркияга 36 миң сомдук пакет көрдүм. Ал суммага сегиз күн ичинде Түркиянын 10 шаарын көрүүгө болот. Үч жылдыздуу отелде эртең мененки жана кечки тамагы бекер. Дем алыш күндөргө музейлерге бекер билет, орус тилдүү гид жана автобус камтылган. Мындай бааны Кыргызстандын айрым беделдүү пансионаттары менен салыштыруу мүмкүн эмес болсо керек. Биздеги баалар суткасына 250 долларга чейин жетет.
Ушунун баарын көрүп туруп, туризмди өнүктүрүү үчүн Хусейин Яман айткандай, алгач кардарларга бардык шарттарды түзүүнү үйрөнүүдөн баштасак демекчимин. Антпесе, бизде бир-эки айлык сезондо келгендин чөнтөгүн болушунча "саап" алып, андан ары эмне болсоң ошол бол деген ойдун туткунунан чыга албай жатабыз. Эмки жылы да турист, эмки жылы да акча керек да.
Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн