БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Air Astana авиакомпаниясы Бишкектеги "Манас" аэропортунан Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына чейин жүргүнчүлөрү бекер алып барып келет. Бул тууралуу авиакомпаниянын расмий сайтында маалымдалды.
Мындай бекер кызмат 8-июндан 8-июлга чейин Астана — Бишкек каттамы боюнча учкан бардык жүргүнчүлөргө жеткиликтүү болот.
"Манас" аэропортуна келип конгон жүргүнчүлөрдү компаниянын өкүлү Чолпон-Ата шаарына чейин жеткире турчу автобуска отургузат
Кыргызстанда жайкы туристтик сезон 7-майда расмий түрдө ачылган.