БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Актөбөдөгү террорчулукка каршы операцияда дагы беш экстремист жок кылынып, экөө кармалды. Бул туурасында Казакстандын Ички иштер министрлиги маалымат таратты.
"Түнкү ыкчам издөө операциясындагы кармоо учурунда полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатканда беш кылмышкер жок кылынды жана дагы экөө кармалды",— деп айтылат билдирүүдө.
Малаыматка ылайык, кылмышкерлерден кечээ дүкөндө уурдалып кеткен курал-жарактын көп бөлүгү алынган.
"Каракчылык кылып, кол салгандардын ким экендиги аныкталды. Аларды издеп, кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатат",— деп айтылат билдирүүдө.
Дүйшөмбү күнү кылмышкерлерди издөө операциясы жүргөн. Анда полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүлүп беш кылмышкер жок кылынды, дагы экөө кармалгандыгы кабарланган.