Казакстанда ишемби, 21-майда өлкө боюнча митингге чыгууга аракеттер болуп, алар полиция тарабынан кармалды.
Казакстандын бир катар шаарларындагы активисттер 21-май күнү митинг өткөрүүгө уруксат алуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө арыздарын жөнөтүшкөн. Митингде эл чет элдик жарандарга айыл чарба жерлерин узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча кабыл алынган Жер кодексине каршы экендиктерин билдиришмек.
Ал эми Казакстандын башкы прокурору Жакип Асанов мыйзамсыз митинг өткөргөндөр административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыларын жума күнү эскерткен. Анын айтымында тартип күзөтчүлөрү мыйзам бузуучуларга тез арада чара көрүүлөрү керек.

Ишемби күнү Казакстандын бир катар аймактарында митингге чыгууну пландагандар кармалды. Алматыда митингге чыккандарды кармоо учурунда тартылган сүрөттөр

Казакстандын бир катар шаарларындагы активисттер 21-май күнү митинг өткөрүүгө уруксат алуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө арыздарын жөнөтүшкөн

Казакстандын башкы прокурору Жакип Асанов мыйзамсыз митинг өткөргөндөр административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыларын жума күнү эскерткен

Митингге катышам деп келгендерди полиция кармады

Казакстандын ар кайсы аймактарындагы бир нече активисттер соттун чечими менен камакка алынганы маалымдалууда

Мыйзамсыз митинг өткөрүүгө аракет жасаган жүздөгөн жарандарды полиция кызматкерлери аянтка кое бербей түшкө маал кармаганы айтылууда

Кармалгандар арасында жашы өтүп калган аялдар да бар

Кишилерди полиция атайын автобустарга салды

Айрымдарын колу-буттан кармап алып барышты

Кармалгандардын арасында журналисттер дагы бар

Полиция буйрукка баш ийбегендерди күч менен алып кетип жатышты