БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Билимкана" мектебинде туура тамактануу боюнча ата-энелер менен балдар үчүн фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу мектептин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда иш-чарада кыргыздардын талкан, жупка, устукан, курут сыяктуу улуттук тамак-аштары тартууланды.
"Бул үй-бүлөлүк фестиваль. Анын максаты көчмөн калктын тамак-ашты туура колдонгонун жана жаратылыш менен тыгыз мамиледе болгонун көрсөтүп берүү болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми уюштуруучулардын бири Айида Жамангулова заман өзгөргөн сайын фастфуд сыяктуу тез татымдардын саны көбөйүп, бабаларыбыздын туура тамактануу боюнча философиясы унутта калып бара жатканын белгиледи.