Эже-сиңди Шевченколорду машыктырган Федотов тууралуу 7 факты

© федерация тайского бокса КРТайбоксчу Валентина Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов. Архив
Тайбоксчу Валентина Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, спорттун чебери Павел Федотов Перудагы ресторандардын бирине кол салган кылмышкерлер менен кармашып жатып ок жеген.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык тай боксчу Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов Перудагы ресторанга кол салгандарга каршылык көрсөтүп, жарадар болду.

Окуянын жүрүшүндө уурулар ресторанга кирип, тоноого аракет кылганда атышуу болуп, Федотов жаракат алган. Валентина Шевченко менен машыктыруучусу ресторандардын биринде тамактанып отурганда белгисиз беткапчан үч адам кирип, кассадан акча талап кылган. Ал жердеги акчаны алган соң, кылмышкерлер эс алып отургандардын акчасын, уюлдук телефондорун алып кетүүгө аракет кылышкан.

КРдин Тай бокс федерациясынын жетекчиси Елена Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Елена Шевченко: күбөлөр кол салгандардын бирин Федотовдун өлтүрбөгөнүн айтышууда
Федотовдун жанында мыйзамдуу алып жүргөн ок атуучу куралы болгон. Машыктыруучу ошол куралды колдонгону айтылат.

Атышуунун кесепетинен бир кылмышкер каза болуп, экөө из жашырууга үлгүргөн. Ал эми Федотов ичине ок жеген. Мындан сырткары, ресторандагы эс алып отурган эки адам жарадар болгон.

Валентина Шевченко эч кандай жаракат алган эмес.

Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Павел Федотов бир гана мыкты спортчуларды даярдабастан кино жаатында дагы өнөрүн көрсөтүп келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Павел Федотов тууралуу 7 фактыны сунуштайт.

1. Федотов спорттогу карьерасын 1984-жылы баштаган. Бүгүнкү күнү КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, спорттун чебери. Убагында Федотовду таэквондо боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Ли Юн Нам машыктырган.

2. 1993-жылдан тарта таэквандо ИТФ федерациясынын башкы машыктыруучусу болуп келет. Кийинчерек панкратион, таэквандо, тай боксу жана кулатуу боюнча спортчуларды машыктырган.

С тренером! 👊👊👊 #PavelFedotov #coach #entrenador #muaythai #worldchampions #MuaythaiSisters #bulletvalentina

Фото опубликовано Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) Авг 26 2015 в 9:27 PDT

3. Тажрыйбасына таянуу менен 2003-жылы мушкерлерди даярдоо боюнча өзүнүн программасын иштеп чыккан. Бул ыкмалардын жардамы менен Валентина жана Антонина Шевченколор ушул эле жылы Сеулда өткөн панкратион боюнча дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынышкан.

Muaythai Premier League. Los Angeles. 2011. #тренер #ПавелФедотов #entrenador #coach #PavelFedotov

Фото опубликовано Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) Ноя 18 2015 в 6:42 PST

4. КРдин тай боксу боюнча федерациясынын түзүүчүлөрдүн бири. Ал көп жылдар бою федерациянын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.

5. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылаарын тастыктаган Федотов эки тасмага режиссерлук кылган. Бул эле эмес "Лунная дорожка" тасмасында башкы каармандын образын жараткан.

6. "Пирамида плюс" программасынын алып баруучу болуп да иштеген.

7. "Мудрость воина. Сборник медитативных притч о неуязвимом мастере Цзи Ши" китебинин автору болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0