БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Нарын шаарында жайгашкан борбордук базар өрт коопсуздугунун талаптарына толук жооп бербейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары боюнча аймактык башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Он-Арча" жана "Береке" соода борборлорунун бөлүнгөн жерин соода күркөлөрү менен соодагерлер тосуп алышкан.
"Бул тосулган жер өрт өчүрүүчү автоунаа өтө турган жол болуп эсептелет. Кокус өрт чыкса, машина базардын ичине кире албай калат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери базар ээлерине эскертүүлөрдү бергенине карабай, соодагерлер күркөлөрүн алышкан жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Исфана жана Базар-Коргондогу базарларда өрт чыгып, миллиондогон сом чыгым алып келген.