Базар-Коргондогу соодагерлер: болгон дүнүйөбүз көз алдыбызда күлгө айланып калды

© Талгат БакиевПоследствия пожара на рынке "Жаркынай" в Базар-Коргонском районе
Последствия пожара на рынке Жаркынай в Базар-Коргонском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалыматына ылайык, тилсиз жоо базардын 2000 чарчы метр жерин жалмап кеткен.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы "Жаркынай" базары 22-май күнү түндө өрттөнүп кеткен. Бул базар райондогу эң чоң базар болуп эсептелет. Тилсиз жоо 2000 чарчы метр жерди жалмаган. Анын кесепетинен 100дөгөн контейнерлер товарлары менен жок болгон. Келтирилген чыгымдарды райондук коргонуу комиссиясы жеринде тактап жатат. Өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн болжол менен 600-700гө жакын адам чыккан. Жалын түнкү саат үчтөргө жакын толугу менен өчүрүлгөн. 

© пресс-служба МЧС КРЖалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы "Жаркынай" базары 22-май күнү түндө өрттөнүп кеткен.
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Жаркынай базары 22-май күнү түндө өрттөнүп кеткен. - Sputnik Кыргызстан
1/7
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы "Жаркынай" базары 22-май күнү түндө өрттөнүп кеткен.
© пресс-служба МЧС КРБул базар райондогу эң чоң базар болуп эсептелет.
Бул базар райондогу эң чоң базар болуп эсептелет. - Sputnik Кыргызстан
2/7
Бул базар райондогу эң чоң базар болуп эсептелет.
© Талгат БакиевТилсиз жоо 2000 чарчы метр жерди жалмаган.
Тилсиз жоо 2000 чарчы метр жерди жалмаган. - Sputnik Кыргызстан
3/7
Тилсиз жоо 2000 чарчы метр жерди жалмаган.
© Талгат БакиевАнын кесепетинен 100дөгөн контейнерлер товарлары менен жок болгон.
Анын кесепетинен 100дөгөн контейнерлер товарлары менен жок болгон. - Sputnik Кыргызстан
4/7
Анын кесепетинен 100дөгөн контейнерлер товарлары менен жок болгон.
© Талгат БакиевКелтирилген чыгымдарды райондук коргонуу комиссиясы жеринде тактап жатат.
Келтирилген чыгымдарды райондук коргонуу комиссиясы жеринде тактап жатат. - Sputnik Кыргызстан
5/7
Келтирилген чыгымдарды райондук коргонуу комиссиясы жеринде тактап жатат.
© Талгат БакиевӨрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн болжол менен 600-700гө жакын адам чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн болжол менен 600-700гө жакын адам чыккан. - Sputnik Кыргызстан
6/7
Өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн болжол менен 600-700гө жакын адам чыккан.
© Талгат БакиевЖалын түнкү саат үчтөргө жакын толугу менен өчүрүлгөн.
Жалын түнкү саат үчтөргө жакын толугу менен өчүрүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
7/7
Жалын түнкү саат үчтөргө жакын толугу менен өчүрүлгөн.
1/7
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы "Жаркынай" базары 22-май күнү түндө өрттөнүп кеткен.
2/7
Бул базар райондогу эң чоң базар болуп эсептелет.
3/7
Тилсиз жоо 2000 чарчы метр жерди жалмаган.
4/7
Анын кесепетинен 100дөгөн контейнерлер товарлары менен жок болгон.
5/7
Келтирилген чыгымдарды райондук коргонуу комиссиясы жеринде тактап жатат.
6/7
Өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн болжол менен 600-700гө жакын адам чыккан.
7/7
Жалын түнкү саат үчтөргө жакын толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырсык айттырбай келет — Кыргызстандын базарларында чыккан ири өрт кырсыктары
Бул тилсиз жоо жүздөгөн адамды сыздатып, негизги жумушунан ажыратты. Өрт базардын чок ортосунда түн ортосунда чыккандыктан бардык эле сатуучулар товарларын чыгарып, куткарып калууга үлгүрбөй калганын соодагерлер өздөрү билдиришти. 

Өзүн Айдай деп тааныштырган алтымышты таяп калган аял базардагы товарлары эки сааттын ичинде күл болуп калганын көзүнө жаш алып айтып берди. Анын айтымында, контейнердеги бир миллион сомдон ашык товары күйүп кеткен. Ал жесир болгондуктан эки баласын өзү багып чоңойткон. 

"Мен жалаң аялдардын кийимдерин сатчумун. Базар экинчи эле үйүбүз болуп калгандыктан кыштан калган кийимдерди жана жаңы алып келген товарларды бул жакта сактачумун. Заматта эле бардык дүйнөбүз көз алдыбызда күлгө айланды. Буга чейин базарда уурулук же өрт эч болгон эмес", — дейт ал. 

Айдай айым тапкан-тергенинин баарын базардагы соодасына жумшаганын айтып, болгон байлыгы, дүнүйөсү, күнүмдүк тиричилиги дал ушул базарга байланганын кошумчалады.

"Мен Базар-Коргондун борборунда жашайм. Мал кармабайм, керек болсо тоогум да жок. Болгон дүнүйөм ушул базардын ичинде эле. Тиричилигим ушу менен жүрчү. Эми кантип жашайм, билбейм…", — деп көз жашын төктү.

Өрт болорго чейин ал үйүнүн документтерин, кызынын дипломун жана үч небересинин күбөлүгүн көчүрмөдөн өткөрүү үчүн базарга алып келип, аны үйүнө алып кетүүгө жетишпей калганын билдирди. Алоолонуп күйгөн өрт бардык документтерди да жок кылган.

Насыя төлөйбүзбү же жан багабызбы?

Исфанадагы өрттөнгөн базардын асмандан көрүнүшү. 70ке жакын дүкөн, ашканалар жок болду
Базарда чыккан өрттөн 200дөн ашык сатуучу жабыркаганын Айдай айым айтат. Учурда алардын бардыгынын тагдыры өзүнүкүндөй экенин билдирди. Соода кылгандардын көбүнүн банктан алган насыясы бар. Эми аларды кантип төлөп, кантип жан сактайбыз деп айлалары куруп жатышканын баса белгиледи. Сатуучулардын көбү "Кара-Суу" менен "Дордойдон" товарды нак акчага эмес, товарды саткандан кийин акчасын төлөйбүз деп алып келишерин билдирди.

"Биз көп жылдан бери соода кылып, алардын ишеничине киргендиктен товарды саткандан кийин акчасын беребиз деп алчубуз. 25-майда алардын акчасын беришибиз керек эле. Эми Бишкектеги жана Кара-Суудагы соодагерлерге эмне дейбиз? Насыябызды кантип төлөйбүз деп арман кылып жатабыз….", — деп оор үшкүрүндү.

Ал ортодо Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыр Жолчиев жабыркаган сатуучулар менен жолугушуулар болгонун айтып, өрттүн келип чыгуу себебин атайын органдар аныктап жатканын билдирди.

"Азыр өрттүн себебин укук коргоо органдары экотехинспекция менен биргеликте аныктап жатат. Өрт электр зымдарынан чыкканбы же, атайылап өрттөп жиберишкенби аны аныкташат", — дейт ал.

Жолчиев ошондой эле атайын комиссия ким канча чыгым тартканын аныктап жатканын кошумчалады.

Соодагерлердин үстөгү жок насыя талабы

Өрт өчүрүү балону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инспекция: "Баткен" базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт
Бүгүн түштөн кийин жабыркаган соодагерлер райондук администрацияга барып, аларга жардам катары үстөк пайызсыз насыя алып берүүнү акимден суранышкан.

"Базарда соода калгандар чынында талаада калдык. Бизге өкмөт жардам бербесе тиричилик деле кыла албай турган абалдабыз. Андыктан аким менен жолугуп, жардам иретинде үстөксүз насыя алып берүү жагын караштыргыла деп кайрылып жатабыз. Эми алар эмне деп жооп берет, билбейбиз", — дейт базарда соода кылган Айдай.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарындагы чоң базар да өрттөнүп кеткен. Анын айынан товарларды кошпогондо келтирилген чыгым дээрлик 4 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0