БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандын эки тайбоксчусу Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти Елена Шевченко билдирди.
Дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Швециянын Йенченпинг шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык команданын курамына үч мушкер кирген.
Шевченконун айтымында, жарым финалда кыргызстандык Мирбек Сарткалмаков (60 килограммга чейин салмак категориясында) марокколук Наит Эльгази Салах-Эддин менен беттешсе, 71 килограммга чейинки салмак категориясында Рафаэль Физиев россиялык Денис Колотыгин менен күч сынашат.
Буга чейин Сарткалмаков чейрек финалда Гонконгдон келген атаандашын утуп алса, Физиев литвалык атаандашын жеңген.
Дагы бир мушкер Бекжан Матисаев мелдештин башында эле турнирден четтеп калган.
Спортчуларга секундант болуп Перу клубу үчүн мушташып келген тайбоксчу Антонина Шевченко дайындалган.