Таиландда жатакана өрттөнүп 17 окуучу кыз каза болду

© flickr.com / Jim FruchtermanТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо үч жаштан 13 жашка чейинки окуучу кыздар жашаган жатаканада болгон.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Таиланддын Чианграй шаарындагы жатаканада өрт чыгып, андан 17 окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине таянуу менен жазып чыкты. 

Өрт чыккан учурда жатаканада 38 кыз болгон. 

"Тилсиз жоо жекшемби күнү саат 23:00дө (Бишкек убактысы менен 22:00дө) чыккан. Кыздардын көбү уктап калгандыктан сыртка чыкканга жетишпей калды. Уктай электер качып чыгууга үлгүргөн. Кырсыктан 17 окуучу кыз каза болуп, экөөсү дайынсыз болууда. Мындан сырткары, беш кыз оор жараат алды", — деп айтылат маалыматта. 

Чианграй шаарындагы жатаканада үч жаштан 13 жашка чейинки кыздар жашашат. 

Полиция өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирүүдө. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0