БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өлкөдө биринчи ирет акватлон боюнча мелдеш өтөт деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Триатлон боюнча федерациясынын вице-президенти Канат Келсинбеков.
Сүзүү жана чуркоо боюнча акватлон жарышы жайдын капортосунда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Уюштуруучулар азырынча канча аралыкка чуркап жана сүзүү боюнча аралыкты жана мелдештин датасын аныктай элек.
"Таймаштар июль айында Ысык-Көлдө өтөт, бирок, азырынча күнүн тактай элекпиз. Июндун башында орду белгилүү болот ", — деп билдирди ал.
Эреже боюнча, спортчулар тиешелүү аралыкты чуркап өтүп, андан соң көлдө бир топ аралыкка сүзүп, кайрадан чуркайт.