БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Үрүмчү шаарынан Стамбулга келген 98 уйгур жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен Сауд Аравияга кетүүгө аракет кылганда кармалды. Бул тууралуу Түркиянын Hürriyet басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү жарандар Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган. Басылма бир паспорт үчүн алар 2 миң 500 евродон, ал эми билеттер үчүн 300 доллардан бергенин айтышканын белгилейт.
Шектүүлөрдү акмалаган полиция Жидда багыты боюнча учууга камынган 98 уйгур менен дагы 4 кишини кармаган. 98 уйгур жараны тийиштүү иштер аткарылгандан кийин Кытайга депортацияланат.