Спартакиаданын ачылышына мини-футбол, кол күрөш, гиря көтөрүү, күрөш, кикбоксинг, ушу-саньда, жоокердик самбо жана таяк тартыш кирген.
Мелдешке Кыргызстандын бардык аймагынан келген спортчулар катышат. Биринчи күнү кол күрөш, гиря көтөрүү жана футзал боюнча беттешүү өтүп жатат.
Спартакиадага 17 жаштан жогорку курактагы спортчулар катыша алат. Байгелүү орунга ээ болгондор медаль, диплом жана кубоктор менен сыйланат.