Кыргызстанда биринчи жолу командалык "БегоВел" эстафетасы өтөт

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүВелосипедчи. Архив
Велосипедчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө велосипед ыйгарылат. Мындан сырткары, акчалай сыйлыктар дагы каралган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанда командалык "БегоВел" эстафетасы өткөрүлөт. Бул тууралуу таймаштын башкы калысы Канат Келсинбеков билдирди. 

Анын айтымында, мындай таймаш Кыргызстанда биринчи жолу өткөнү жатат. Иш-чара 22-майда эски аянтта башталат.

Ар бир команда бир велосипедчи менен чуркоочудан түзүлөт. Таймаштын биринчи этабында 500 метр аралыкты жөө чуркоочу багынтат. Экинчи этапта болсо (1000 метр) эстафетаны велосипедчи алат.

Командада кыз-бала болууга мүмкүнчүлүк берилет. 

"Мындан сырткары жеңиш үчүн эки кыз, эки баладан турган дуэттер салгылашат. Спортчулардын жаш курагына чектөө киргизилбейт", — деп билдирет Келсинбеков.

Жеңүүчүлөр акчалай белектерге ээ болушат. Ал эми кыз-баладан турган командалардын жеңүүчүлөрүнө велосипед берилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0