БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекеттик чек ара режимин бузганы үчүн Аламүдүн жана Кемин райондорунда үч кыргызстандык жаран кармалганын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жарандар карьерге кирип, жүк ташуучу унааларга топурак жүктөөгө аракет кылышкан. Мында алардын уруксат берүүчү документтери болгон эмес.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандарга административдик айып пул чегерилди.