Ачууланган кемпир соттун эшигин талкалай тепти

Жазылуу
Улам эле түшкү тамактануу убагына туш келип калганына ачууланган Пермь крайынын жашоочусу нааразычылыгын күч менен билдирген.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Пермь крайында жашаган 65 жаштагы кемпир соттук приставдар түшкү тамак учурунда аны кабыл албай койгондугу үчүн канцеляриянын эшигин талкалай тепкен. Бул туурасында РИА Новости аталган чөлкөмдүн аймактык милициясынын маалыматына таянып жазды.

"Ал дайым келген сайын эле тамактануу маалына туш келип калганына жаалданып, эшикти талкалай тепкен",— деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузакта мас киши эки баласын терезеден ыргытып, милиционерге кол салган
Кемпир ачуусун баса албай көпкө наалып, ал эми полиция кызматкерлери жетип келип аты-жөнүн сураганда башка ысымды айтып кутулууга аракет кылган.

Иштин олуттуу өңүт алып баратканын сезген кемпир сотко таштаган арызына жооп ала албагандыгына жини келгенин негиз катары кармаган. Ага арызы 30 күн ичинде караларын түшүндүргөндөн соң, үйүнө кеткен.

Маалымат кызматынан эшикти талкалай тепкендеги үчүн кемпир айтып тартаары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader