БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкектин эки көчөсүндө газ берүү эки күнгө токтотулары тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, газ 19-20-май аралыгында борбор калаанын Нарвская менен Профсоюз көчөлөрүндө өчүрүлөт.
Ишкана көгүлтүр отту берүү газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулуп жатканын белгилейт.