Мусакожоева Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Үйдө жалгыз кыз. Анын эки агасы жана бир иниси бар.
Каргашалуу күн
Кырсык 2016-жылы 12-апрелде болгон. Салтанат адаттагыдай эле жумуш күнүнө эле чыгып, такай жасап жүргөн ишин аткарып, вафли салына турчу атайын табаларды чогултуп, аппаратка салып жаткан. Бул күнү буга чейин иштебей турган станокту оңдоп ишке киргизишкен. Бирок ал кайта бузулуп ичинде табалар калып калгандыктан, аны чыгарам деп колун салганда датчиктер иштеп кетип, кыздын манжаларын чайнап кеткен.
"Баары эле кайсалактап эмне кыларын билбей калышты. Себеби, манжаларымды чайнап кеткен аппарат канга боёлуп калды. Шашкалактаган жумушчулар Тез жардамды чакырышты. Айрым учурларда аны деле чакырбай коюшат экен. Буга чейин да ушул сыяктуу эле окуя болуп, анда тез жардамды цехтин ичине киргизбей эле сырттан кетирип жиберишиптир", — дейт ал.
Жабылуу бойдон калган аяк
Мусакожоева Тез жардам келгени менен кырсыкты өндүрүштө эмес, "үй шартында фарш жасап жатып колун эт туурагычка алдырып жиберди" деп каттоого алганын, ишти ырбатпай эле жаап коюуга ишкананын жетекчилиги да кызыктар болгонун белгиледи.
"Тез жардам кызматы келген күндө деле "окуяны кандай чечебиз" деп эле ачык сурашат экен. Бригадир баштаган башка жетекчилер чуркап келип эле "өнөр-жайдан болду деп толтурбагыла" дешип, "канча болсо төлөп беребиз" деп ошол жерден эле дароо акча таап, 20 миң рублдай колдоруна карматты", — дейт ал.
"Дарыгер аты жок манжаңды алам, аны баары бир кесиш керек, эгер аны албасак калган колдоруңа да таасир берет дешти. Айласыздан макул болдум. Бардык манжаларымды алдыргандан көрө бирөөсүн алдырайын дедим", — деп ыйламсырады ал.
Күттүргөн компенсация
Мусакожоева өзү иштеген ишкана ага эч кандай компенсация төлөп бербегенин айтат. Ал ооруканада бир жумадай жаткан, бирок жумуш берүүчү тараптан эч ким басып келген эмес. Башында акча төлөп беребиз дегени менен аны создуктурушкан.
"Акча төлөйбүз дегени менен аны создуктуруп жүрө беришкендиктен аларды күтпөй эле билетти өзүмдүн акчама алып, 26-апрелде Бишкекке учуп келдим. Мени жумушка киргизген таежеме 6 миң рубль беришиптир. Бирок мен аны көргөн жокмун", — дейт ал.
Зыркыраган эне жүрөгү
Москвадан учуп келгенде бул жактан Салтанатты апасы тосуп алган.
"Чындыгында апам колумду карай албай койду, болгону сүрөттөрдөн гана көрдү. Колумду көрсөтсөм ыйлап туруп алды", — деп анын үнү каргылданып кетти.
Учурда да шаардагы ооруканага күнүгө барып, колун таңдырып турат. Чайналган манжаларынын жарааты бүткөндөн кийин ага протез кийгизүү үчүн операция жасатууну пландап жатканын айтат.
"Оң колум жабыркаганы аябай өкүндүрөт. Себеби мен эми майып болуп калдым да. Бардык ишти оң колум менен кылчумун. Эми кантем, билбейм…", — дейт ал.
Жумуш берүүчү эмне дейт?
Мусакожоевага компания тарабынан жөлөк пул берилгенин жана кийин да бериле турганына ишендирди. Андан сырткары, ал Салтанат өзү техникалык коопсуздукту сактабагандыгынан улам аталган кырсыкка кириптер болду деп айтты. Менеджер Тез жардам кызматынын корутундусунда Салтанаттын үй шартында кырсыкка учурагандыгы тууралуу жазылган маалыматты түшүндүрүп берүүдөн баш тартты.
Сактанганды сактайт
Көп жылдардан бери адвокат болуп иштеп келе жаткан Бекибай Мамытов биздин көпчүлүк жарандар чет мамлекетте ишке киргенде эмгек келишимин талап кылбай чоң катачылык кетирерин айтат.
"Чет жакта жумушка орношуп жаткан ишкана, мекеме менен эки тараптуу эмгек келишимин түзүү керек. Ал жерде иш учурунда кандайдыр бир кырсык болсо кандай жардам, чаралар көрүлө турганы жазылат. Ушундай мыйзамдуу түрдө гаа ишке киргенде гана күтүлбөгөн окуялар болуп кетсе кандайдыр бир жардамдарды мыйзамдын чегинде талап кылууга болот", — дейт ал.
Мамытов эгер иштеген жери менен келишим жок болсо, ал кызматкер эл аралык термин менен айтканда гастарбайтер гана экенин баса белгиледи.