БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жакыр үй-бүлөнүн балдары эки жыл ичинде 30 миңге кыскарды. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы эки жыл ичинде мамлекет тарабынан жөлөк пул алгандар 9,5 пайызга азайган.
2014-жылы Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан 336,2 миң колунда жок үй-бүлө балдарына жөлөк пул төлөнсө, алардын саны быйыл 304,3 миңге кыскарган.