БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Германиянын тышкы иштер министрлиги Twitter баракчасына 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү деп жазылган билдирүүнү жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Эстония агенттиги кабарлайт.
"8-май күнү, 71 жыл мурда Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган. Анда Европа талкаланган", — деп жазылат министр Франк Вальтер Штайнмайердин атынан жазылган билдирүүдө.
FM #Steinmeier on #8May: We are grateful that our country has been readmitted into the heart of the int'l community. pic.twitter.com/MkLyFnoPml
— GermanForeignOffice (@GermanyDiplo) 8 мая 2016 г.
Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөн күнү катары 1945-жылдын 2-сентябры эсептелет. Анда Япон өлкөсүнүн капитуляция актына кол коюлган.
Фашисттик Германиянын жеңилген күнүн АКШ көп деле майрамдабайт. Ал эми Россияда 9-май Улуу Жеңиш күнү катары майрамдалып келет. Анткен менен көпчүлүк америкалыктар фашисттик Германиянын алар женген деген ойдо, деп жазат Washington Post басылмасы.