Бирок, бир да жолу Шура апанын урушканын көргөн жокмун. Анткен менен көчөнүн балдары баары бул эскертүүгө айылдагы жалгыз башка улуттагы апага сый катарыбы, же анын баштан өткөргөн оор күндөрүнө таазим катарыбы, ашыкча талкуусуз баш ийет болчу. Себеби, жыгач дарбазанын ары жагында күнү-түнү тынбаган, сыртынан айылдын башка аялдарынан айырмаланбаган, башка эже-апалардай эле узун көйнөк кийип, жоолук салынган аял биз үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун атрибуту эле.
Билгеним… Александра аттуу жаш кыз согуштан кийин биздин айылга келин болуп келет. Айылдыктар аны Шура деп атап алышат. 40 жылда албетте кыргызчаны семичкедей чагып калган, бирок, айрым сөздөрдү туура эмес жөндөп колдончу. Оокатка тың, абышкасынын көзү өткөндөн кийин уул-кыздарын өзү бутка тургузуп, бир небересин өзү колуна алып өстүрдү. Ошол небереси кийин Россияга иштеп барып, чоң апасынын согуштан кийин көрбөй, байланышпай калган туугандарын Новокузнецк шаарынан таап бериптир деп уктук.
Лейлектик жигит менен Алекстандра концлагерде таанышыптыр. Боштондукка чыккандан кийин, алар кол кармашып түз эле Кыргызстанга багыт алышат.
Чоң апамдын "ышкырык ага концлагердеги зомбулук күндөрдү эскертет, немистер туткундарды ышкырык менен ишарат берип башкарчу экен" — деп айтканын билем. Көчөдөн кокус ышкырык угулса, Шура апанын абалын элестетип кейип кетчүмүн. Мындайда сөзсүз улуулардан бирөө чыгып, эскертишчү. Шура апа жок, эми биздин көчөнүн жазылбаган "мыйзамы" дагы унутулса керек.