Учурда паркка балдар аянтчасын орнотуу дагы пландалып жатат.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ош шаарындагы Ата Түрк атындагы сейил багына спорттук шаймандар орнотулду. Анда каалоочулардын бардыгы машыга алат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Анда каалоочулардын бардыгы машыга алат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, сейил бакка спорттук шаймандар 10 түрү орнотулган. Анын ачылышына шаардын вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу катышып, сейил бакка балдар аянтчасы дагы орнотула тургандыгын айтты.
Каржылоо Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ишке ашкан.