БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Тажикстандын Хожент шаарында өткөн спорттун самбо жана дзюдо түрү боюнча турнирде кыргызстандык спортчулар мыкты аталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматы билдирет.
Агы ылайык, 29-апрелден 1-майга чейинки өткөн мелдеште Жалал-Абад ОИИБнын тез чара көрүү атайын отрядынын күжүрмөн даярдык боюнча ага тергөөчү милициянын капитаны Кубанычбек Көкүмов 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасында самбо боюнча 1-орунду багындырса, ушул эле спорттун 74 килограмм салмак категориясында Кубатбек Орозбеков 3-орунду ээледи.
Турнирде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Россиядан барган спортчулар күч сынашты.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.