БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Атактуу футболчу Самюэль Это’о ак калпак кийип, колуна камчы кармады. Бул тууралуу Түркиянын Posta басылмасы билдирди.
Antalyaspor’un yıldızı Samuel Eto’o’ya, Kırgızistanlı küçük futbolcular, kalpak giydirip kırbaç hediye etti. pic.twitter.com/q8obfaCz5t
— Efsane Fotospor (@EfsaneFotospor) 26 апреля 2016 г.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаш футболчулар 26-апрелде Это’онун Анталья шаарындагы машыгууларынан кийин ага күтүлбөгөн белек тартуулашкан.
Кыргызстандык жаш футболчулар (U12) эл аралык "Selimiye 2016" турнирине катышкан. Алар "Фенербахче", "Картал", "Чакмак" жана "Башакшехир" командалары менен бир тайпада болгону менен үчүнчү орунду алып, кийинки беттештерге чыга алган эмес.
"Это’онун машыгууларына күбө болгон кыргызстандык жаш футболчулар (U12) ага калпак кийгизип, колуна камчы карматышты. Сүрөткө түшкөндөн кийин Это’о жаш футболчуларга кол тамга берди", — деп жазат аталган басылма.
Самюэль Это’о Фис 1981-жылы Камерунда төрөлгөн. Учурда Супер Лиганын алкагында Антальяспор клубунда ойноп, команданын капитаны болуп саналат.
Ал "Барселона" клубунда ойноп жүргөн мезгилинде эмнеге шыктуу экенин көрсөтө алган. Бул клубга 2004-жылы келген. 2006-2009-жылдары командасы менен бирге Чемпиондор лигасынын чемпиону болгон.
Это’о өзүнүн карьерасын кийин Бунёдкор, Интернационале, Анжи, Челси
Эвертон, Сампдория клубдарында уланткан.