БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. 11 кыргызстандык кыз Түркиядан секс кулчулугунан бошотулганын Haberler басылмасы билдирет.
Мугла провинциясынын Бодрум аймагында жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кыздар бошотулган.
Аталган басылма полицияга кыргызстандык бир кыз чалып, Бодрум аймагындагы хостелдердин биринде аларды күч менен кармап турганы боюнча маалымат берген.
Атайын операция учурунда маалым болгондой грузиялык аял 13 кыздын паспортун тартып алып, аларды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган.
Полиция бул 18 жаштан 25 жашка чейинки кыздар экенин аныкташкан. Алардын ичинде 11 кыргызстандык, бир өзбекстандык кыз жана бир грузиялык кыз болгон.
Аталган жайды уюштурган грузиялык аялга карата интимдик кызмат көрсөтүү боюнча атайын жай даярдаган деген шек менен кылмыш иши козголду.
КР тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай учурда Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул маселе боюнча иштеп жатат.