БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Кыргызстан" жаңы конушунда көгүлтүр от бир күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, газ 25-26-апрелде Панфилов, Школьная, Гоголь жана Сельская көчөлөрүндө өчүрүлөт.
"Газпром Кыргызстан" ишканасы жаратылган ыңгайсыздык оңдоо иштерине байланыштуу экендигин билдирип, жарандардан кечирим сурады.