40-жылдары түптөлгөн Сары-Камыш айылына электр кубаты эми жетти

Жазылуу
Жалал-Абад облусуна караштуу Сары-Камыш айылынын жашоочуларынын электр кубаты деген эмне экендигин билип, күнүмдүк жашоосуна пайдалана баштагандыгына 3 айга чукул гана убакыт болду.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузак: жер көчкүдөн жабыркаган аймакка электр энергиясы берилип, 2 үй-бүлө көчүрүлдү
Ноокен районундагы Сары-Камыш айылында туулуп-өскөн Темирбек Калмуратов өмүрүнүн 40 жылга чукул убактысын электр жарыгы жок жашоо өткөрүп келген. Эми минтип айыл ичине электр энергиясынын келип, азганактай жергиликтүү элди кубантты. Сегиз чакырым жерге 7 миллион сом каражат жумшалып, электр линиясы тартылган. Учурда айылда 200 чамалуу эл жашайт.

Темирбектин беш баласы бул күнгө чейин зым менен тартылып келген, ээн-эркин пайдаланууга болгон электр жарыгы дегенди билчү эмес.

"Буга чейин күндүн кубатынан алган электр энергиясы бөлмөнү киши тааныгыдай жарык кылганга жеткени менен, аны турмуш-тиричиликке пайдаланууга мүмкүн эмес эле. Эми үй жарык, телевизор сайып, турмуш-тиричилик техникаларын пайдаланы, колубуз узарып калды", — деди Калмуратов.

Атамбаев азыр электр кубатына тарифтерди көтөрүүгө болбостугун айтты
Анткен менен учурда, Сары-Камышта жол маселеси оор. Бирок айылдыктар кандай кырдаал болбосун киндик кан тамган жерин таштап кетүүдөн алыс. Төрт тарабы тоо менен курчалган айылдын жашоочулары негизинен, мал чарбачылык менен алектенишет. Жер шарты дыйканчылык кылууга мүмкүнчүлүк бербейт. Жарым кылымда жарык барган айылдын абалын жакшыртып элди бул жерге көбөйтүп дагы социалдык мекемелерди куруу учурдун талабына айланды.

Темирбек Калмуратовдун айтымында айылдаштары электр кубатынын келишине кубанып, техника чыга албаган тоо баштарына бетон түркүктөрдү кошо көтөрүшүп, кол кабыш кылышкан.

"Электр жарыгы келерин уккан жергиликтүү эл кары-жашы дебей тоо боорлоруна электр мамычаларын орнотууга жардам беришкен", — деди ал.

Сары-камыштык окуучулар 10-15 чакырымбы басып өтүп, учурда Таш-Көмүр шаарына барып-келип окуйт. Айылга мектеп салуу планы жакынкы жылдарга киргизилгендигин Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Мамасадыков айтып берди.

"Сары-Камышты сактап калуу максатында 7 млн. сомдон ашуун каражатка электр энергиясы менен камсыз болду. Келечекте бала бакча ачып, мектептерди салуу пландарыбыз бар", — деди Мамасадыков.

Айылдыктар Сары-Камыш 30-жылдардын соңунда, 40-жылдардын башында түптөлгөндүгүн айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0