Төрага деген ким? Кыргызстандын тарыхындагы төрагалар таржымалы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖумуш ордундагы портфель. Архив
Жумуш ордундагы портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы протокол боюнча президенттен кийинки экинчи адам. Мыйзамга ылайык, төрагага кызматтык унаа, жан сакчылар жана мамлекеттик резиденцияда жашоого укук берилет.

БИШКЕК, 13-апр.—Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматын тапшырды. Ал Кыргызстандын эгемендигинен берки 15-төрага.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жогорку Кеңештин түптөлүү таржымалы менен төрагалардын тизмесин тартуулайт. 

Төрага деген ким?

Төрага — бул Жогорку Кеңешти жетектөөчү фигура. 

Жогоку кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикерликке аттанган Исаев менен Төрөбаевдин мүмкүнчүлүктөрү кандай? Эксперттердин пикири
Төраганын негизги милдети парламенттик жыйындарды уюштуруу, регламентти сактоо, депутаттарга сөз берүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын угузуу болуп эсептелет. 

Мындан сырткары, бийликтин башка бутактары менен байланышууда төрага жалпы парламенттин атынан жыйындарга катыша алат. 

Төрага парламенттин лидери болгондуктан, депутаттарга берилбеген артыкчылыктарга ээ. Ал мыйзамдарды кабыл алуу процессине таасир тийгизе алат. 

Бир катар мамлекеттерде президент шайланганча анын милдетин убактылуу төрага аткарып турат. 

Төрөгага берилген артыкчылыктар

Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин төрагасы протокол боюнча президенттен кийинки экинчи адам. 

Мыйзамга ылайык, төрагага кызматтык унаа, жан сакчылар жана мамлекеттик резиденцияда жашоого укук берилет. 

Легендарлуу парламент

Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы парламент, ал кездеги Жогорку Совет "легендарлуу парламент" деп аталып, чакырылыш номери жок болгон. Аны Медеткан Шеримкулов жетектеген. Ал 1990-жылдын 11-декабрынан 1994-жылдын 13-сентябрына чейин парламенттин төрагасы болуп турган. 

Эки палаталуу парламенттин төрагалары

Өкмөттүн түзүмүнүн жаңы курамы. - Sputnik Кыргызстан
Премьерликке талапкер Жээнбеков жаңы өкмөттүн курамын сунуштады
Эки палаталуу парламент — төмөнкү жана жогорку палата деп экиге бөлүнөт. Шарт боюнча төмөнкү палатанын депутаттары мыйзам чыгарат. Ал эми Жогорку палата мыйзамды жактыруу же жактырбоо чечимин кабыл алат.

Ал эми Кыргызстандын I чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламенти 1995-жылы шайланган. Эки палата — Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны деп бөлүнгөн. Бирок, эки палатанын депутаттарынын укуктары бирдей болгон. 

Муну менен эки палаталуу кыргыз парламенти дүйнөнүн башка парламенттеринен айырмаланып турган.

  • Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы —1995-1997-жыл;
  • Алмамбет Матубраимов, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы — 1995-1997;
  • Усуп Мукамбетов, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы—1997—2000;
  • Абдыганы Эркебаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы—1997-2000;
  • Алтай Бөрүбаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы—2000-2005;
  • Ишенбай Кадырбеков, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы—2005-жылдын 24-мартынан 14-апрелине чейин кызмат өтөгөн. 
  • Муратбек Мукашев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы—2005-жыл. 

Бир палаталуу парламенттин төрагалары

  • Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин төрагасы—2005-2006-жыл;
  • Марат Султанов — 2006-2007;
  • Адахан Мадумаров — 2008-жылдын январь айынан май айына чейин парламентти жетектеген;
  • Айтибай Тагаев — 2008-2009;
  • Зайнидин Курманов — 2009-2010;
  • Акматбек Келдибеков — 2010-2011;
  • Асылбек Жээнбеков — 2011-2016.

Жаңылыктар түрмөгү
0