БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Кыргызтелеком" өлкөнү 4G мобилдик интернети менен камсыз кылууну көздөйт. Бул тууралуу аталган ишкананын бүгүн, 5-апрелде жыл жыйынтыгына арналган отчетунда айтылды.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы сапаттуу байланыштуу түзүү менен ишкананын атаандаштыгын күчөтүү максатында LTE технологиясынын негизинде 4G мобилдик интернетин иштетүүгө тендер жарыяланып, алгачкы кадамдар ташталган. Бул кадамдар ишке ашса компаниянын кирешеси өсөрү күтүлүүдө.
Мындан сырткары, бул жылы "Кыргызтелеком" тарабынан акы алынган "0811" кыска номерлүү маалымдама ишке кирип, жарандардын соода-сатык, кызматтар жана башка кызыктырган бардык суроолоруна жооп берет.
Жыл ичинде АDSL технологиясынан заманбап MetroEthernet технологиясына өтүү иштери жүрүп, түндүк-түштүк багыты боюнча интернет өткөрүү мүмкүнчүлүгү 400 Гбит/с ылдамдыкка күчөтүлгөн.
"Кыргызтелеком" — мамлекеттик ишканасы жалпы республика боюнча байланыш тармагында кызмат көрсөтүп келет.