БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Учурда Бишкектин акча алмаштыруучу жайлары долларды 69,20 сомдон сатып алып, кайра 69,50 сомдон сатып жатат.
Ал эми доллардын Улуттук банк койгон расмий баасы 70,20 сомду түздү. Шейшемби күндөн бери аталган валюта 0,91 пайызга арзандаган.
Эскерте кетсек, буга чейин экономист Жумакадыр Акенеев үстүбүздөгү жылдын июнь айына карата доллардын баасы 65 сомго чейин түшөрүн божомолдогон.