Токтогулда унаа оодарылып кетип, эки жаран каза болду

Жазылуу
Жабыркагандардын баары Токтогул районунун жашоочулары экени айтылууда.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Токтогул районунун Торкен айылында Бишкек — Ош унаа жолу менен бараткан Toyota ist машинасы кырсыкка учурап, андагы төрт жүргүнчүнүн экөө каза болгонун ӨКМ билдирди.

Бак басып калып, каза болгон жарандын сөөгү жерге берилди
Маалыматка ылайык, унаа жолдон чыгып оодарылып, бакты сүзгөн. Натыйжада эки жашар Нурел Жылкыбаев менен 34 жаштагы Гүлзар Жолборсова көз жумушкан. 

Айдоочу 36 жаштагы Нурадил Сатыбалдиев, 17 жаштагы Калыбек кызы Жаркынай жана 9 жаштагы Эмир Жылкыбаев Тез жардам менен Токтогул райондук ооруканага жеткирилишкен. 

Жабыркагандардын баары Токтогул районунун тургундары экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0