БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Пакистандын Лахор шаарындагы жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргызстандык жарандар катталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, 27-март күнү кечинде шаардын "Гүлшан Икбаль" паркында жардыруу болуп, учурда каза болгондордун саны 70тен ашканы, анын 23ү — балдар экени айтылууда. Мындан тышкары, 300дөн ашуун адам жаракат алган. Полиция терактыны ишке ашырган жан кечти диний окуу жайда сабак берген 28 жаштагы мугалим экенин маалымдады.
Министрлик элчилик учурда жабыркагандардын арасында консулдук учетко алынбаган КР жарандарынын бар-жогун иликтеп жатканын белгиледи.