БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткарып келген Мубин Эргашев Душанбенин Улуттук медициналык борборуна жаткырылганын өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.
Белгилүү болгондой, машыктыруучу ооруканага жүрөгү ооруп кайрылган.
42 жаштагы адистин акыркы кезде ден соолугу начарлап кеткени айтылат. Дарыгерлер футболдон четтеп, саламаттыгына кам көрүүнү сунушташкан.
Эргашевдин оорусунан улам 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында 29-март күнү өтүүчү Кыргызстан менен беттешүүгө тажик командасын ага машыктыруучу Роман Пилипчук алып чыгат.
Украиналык адис 28-мартка белгиленген маалымат жыйынга катышары күтүлүүдө.