БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкекте 27-мартка караган түнү Toyota Harrier жана Toyota Gaia унаалары кагышып, андан 21 жаштагы жүргүнчү кыз каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде болгон. Каза болгон жарандан тышкары дагы төрт жүргүнчү ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылды.
Аталган жол кырсыгы боюнча териштирүү башталып, унаалар айып короого киргизилди.