Бишкекте "Милициянын жаш досу" сынагы өткөрүлөт

Жазылуу
Шаардык сынакка райондук деңгээлде биринчиликке жетишкен окуучулар отряды катышат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. №89 мектептин базасында "Милициянын жаш досу" аталыштагы сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Ишчара 29-март күнү саат 10.00 башталат. Сынакка райондук деңгээлде биринчи орунду алган окуучулар отряды катышат. 

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан сынак, окуучулардын жарандык укуктук сабаттуулугун жоюуга жана мектептерге профилактика жүргүзүүгө багытталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0